Коом

Испаниялык инвесторлор Жалал-Абад облусуна чакан ГЭС курууну пландоодо

Бүгүн, 8-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районуна чакан ГЭС куруу боюнча Испания мамлекетинин “Ekoener” компаниясынын Борбордук Азиядагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, аталган инвесторлор Жалал-Абад облусунун аймагына кубаттуулугу 400 МВт болгон ири жана чакан ГЭСтерди куруу пландалып жатканын билдирди.

Бул багыттагы компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, курулуш жүргүзүүгө ыңгайлуу жайлар талкууланды.

Облус башчысы райондогу Чаткал суусуна жана башка кичи дарыяларга чакан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү арбын экенин айтып, объекттерди жеринен көрүп чыгууну сунуштады.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл долбоорду ишке ашырууга облустук жана жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button