Коом

“Өз өндүрүүчүлөрүбүздү колдобосок, 80-90 % чет элдик азык-түлүккө көз каранды болобуз”

Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде “КР ички соода жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угууда  Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын директору Рустам Балтабаевдин сөзү:

Урматтуу депутаттар, биздин көйгөй көп жылдан бери келе жатканын билесиздер. Эгерде биз өз өндүрүүчүлөрүбүздү колдобосок, ошол эле учурда автоматтык түрдө чет элдик өндүрүүчүлөрду колдоп жатабыз! Ушуну эстен чыгарбайлы! Эгер азыр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдобосок, дагы 30 жыл бою 80-90 пайыз башка өлкөлөрдөн чыккан продукцияларга көз каранды боло беребиз! Урматтуу депутаттар! Ошон үчүн биз, ата мекендик өндурүүчүлөр, сиздерден акыйкаттыкты, калыстыкты суранып келдик!

2021-жылы КР Президентинин атайын жарлыгы чыккан, анда дагы ата мекендик өндүрүүчүлөрду колдоо каралган. Андагы 25 чаранын ичинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн соода түйүндөрүндөгу абалын жакшыртуу жөнүндө айтылган. Айыл чарбасын өнүктүрүү учүн сиздер колдоп, Президент, Өкмөт тарабынан 6 пайыздан кредит берип жатасыздар, алар барып эле соода түйүндөрүндө 15 пайыздык ретро бонустарга кетип жатат. Ушул жылдын 6-сентябрында КР Министрлер Кабинетинин токтому менен 2023-2027-жылдарга болжолдуу өнүгүу жөнүндө документ кабыл алынды. Ошондо да кургакчылыктын айынан айыл чарбасынын начарлашы, азык-түлүк коопсуздугун камсыздай албай калуусу боюнча айтылып жатат. Мунун баары бизге чоң койгөйлөрду жаратат.

Урматтуу депутатар, айыл чарбанын реестринде бүгүн кайра иштетүүчү канча компания бар деп ойлосуздар? Бүгүнкү күндө алардын саны болгону 74 экен, алардын 90 пайызы союздан калган өндүрүүчүлөр. Акыркы 5-6 жылда канча ата мекендик өндурүш ачылды? Азыр өндүрүш ачуу кыйын болуп жатпайбы, ошон үчүн аларга жардам берүү зарыл. Дагы бир факт, Кыргызстанда өндүрүлгөн чийки заттын 5-7 пайызы гана бизде кайра иштетилет экен, калганы сырье катары сыртка чыгып кетип жатат, же калып калууда. Биз дагы эле жаш баладай абалда турабыз, ошон үчүн биз сиздердин жардамга муктажбыз! Бүгүнкү күндө соода тармактары макулдашуу менен иштейли деп жатышат, бирок макулдашуу деген туруктуу нерсе эмес да. 3 же 4 айдан кийин булар алмашып кетсе, кандай болот? Ошон үчүн сиздерден ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мыйзам менен коргоп беришиңиздерди суранабыз!

КР Экономика, коммерция министринин орун басары Вероника Исаева ЕАЭБ келишими боюнча мындай мыйзамды кабыл ала албайбыз деди. Бирок ЕАЭБ келишимиинин 29-беренесининин 6-пунктунда “эгерде азык-түлүк коопсуздугуна зыян келтире турган учурлар болсо, ар бир өлкө өз шартына жараша кабыл алса болот” деп жазылган. Ошон үчүн урматтуу депутаттар, ички соода жөнүндө мыйзамды колдоп берүүңүздөрду абдан суранабыз!”

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button