Жамал Сейдакматованын бейитине эстелиги орнотулду

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкары, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, президенттин Ысык- Көл облусундагы өкүлү Ильяз Иманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук – маданий ишмерлер жана туугандары катышты.

Эстеликтин ачылышында “Кыргыз керемети” аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-ноябрда саат 18:00дө Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында актрисаны эскерүү кечеси өтөт.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди.

Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жаратканы менен элдин эсинде калды.