КоомОкуялар

“Абдыш-Ата” ишканасы “Не сахар” менен болгон инцидент тууралуу үн катты

Компаниянын юристи Екатерина Шикинанын айтымында, блогерлер заводго мыйзамсыз киришкен.  Алар жүк жүктөө үчүн келе жаткан унаанын артына жашынып киришкен.  Андан соң  санитардык зонага барып, тасма тартууга киришти.

 «Аймактан чыгып кетүү өтүнүчүнө агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтө башташты.  Алар эч кандай документ көрсөткөн эмес.  Биздин кызматкерлер адегенде ал ким экенин, эмне үчүн келгенин түшүнө алышкан жок.  Андыктан адамдарды күч менен аймактан чыгарууга туура келди.  Бирок аларды эч ким сабап, техникасын бузган жок.  Алар заводдо калтырып кеткен видеокамераны ишти андан ары иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп бердик», — деди Екатерина Шикина.

Ишкананын өндүрүш директору Николай Власов окуядан улам өндүрүш линиясы бир саатка токтоп калганын белгиледи.  Буга коопсуздук эрежелеринин жана санитардык нормалардын бузулушу себеп болгон.

 «Биздин ишкана ISO 22000 коопсуздук системасына ылайык сертификацияланган, ISO системасы жылдык контролду жана ички аудитти камсыз кылат, андыктан санитардык нормаларды сактоо бүтүндөй өндүрүштүн иштешинин негизги шарты болуп саналат.  Болбосо калктын массалык уулануусу мүмкүн.  Албетте, мындай окуя белгиленген эмгек тартибин бузган», — деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, «Абдыш-Ата» ишканасы 22 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын рыногуна суусундуктарды чыгарып, жеткирип келет. 

 «Мындай окуяга биринчи жолу туш болуп жатабыз.  Албетте, тыянак чыгарылып, иштин айрым эрежелери кайра каралат.  Бирок баса белгилей кетким келет, “Абдыш-Ата” өндүрүш кандай жолго коюлганын көргүсү келгендер үчүн ар дайым эшиги.  Студенттер, бөлүштүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү же журналисттер бизге дайыма экскурсия менен келишет.

 Заводду текшерүү мүмкүнчүлүгүн эч кимден танбайбыз.  Биздин бир гана өтүнүчүбүз — белгиленген эрежелерди жана коопсуздук чараларын сактоо.

 Биз ошондой эле «Не сахар» долбоорунун катышуучуларына коопсуздук чараларына жооптуу адамдын коштоосунда экскурсия өткөрүүнү сунуштадык.  Алар баш тартышты»,деди маркетинг бөлүмүнүн башчысы Рамазан Машанло.

Ишканада чыгарылган суусундуктардын бардык түрү технолог тарабынан бекитилген рецептке ээ.  Энергетикалык суусундуктардын курамында таурин бар.  Анын саны Кыргызстандын жана ЕАЭБдин мыйзамдарында белгиленген ченемдерден ашпайт.

Компания негизги салык төлөөчү болуп саналат.  Ал быйыл жыл башынан бери бюджетке 619 миллион сом салык жана төлөмдөрдү которгон.  Азыр Абдыш-Атада 800дөн ашык кызматкер эмгектенсе, сезондо алардын саны 1 миңден ашат.

 Абдыш-Ата көптөгөн кайрымдуулук долбоорлорунун активдүү катышуучусу жана жоопкерчиликтүү бизнестин принциптерин карманат.  Бардык ири спорттук жана маданий иш-чаралар биздин колдообуз менен өткөрүлөт.  Биз өндүрүштүк базаларды өркүндөтүү жана дүйнөлүк рыноктун тенденциясына ээрчип, Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошууга умтулабыз», — деп жыйынтыктады Рамазан Машанло.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button