Коом

Бишкектеги “Барселона” академиясынын көрүнүшү ушундай болмокчу

Долбоорду «Ак-Башат» институту менен “Бишкек башкы архитектура” иштеп чыкты. 

Көп функционалдуу комплексти борбор калаанын түштүк тарабында куруу пландалууда. Анда 10 миң адамга ылайыкталган заманбап стадион, медициналык борбор, мектеп, парк, бизнес-борбор, отель, олимпиада стандартындагы бассейн жана башкалар камтыла турганын “Ак-Башат” билдирди. 

Долбоорду иштеп чыгууда стадиондорду долбоорлоодо чоң тажрыйбасы бар испаниялык Torrella компаниясы консультант болду. 

“Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мындай кубаттуулуктагы заманбап стадион курулган эмес”, — деди Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев. 

Алдын ала маалымат боюнча, комплекстин капсуласы 30-август күнү салынат. Ал күнү республикага “Барселонанын” легендалары менен президенти келет. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button