Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде, Токтобаева Айнагүл Сүйүнбековна 21-сентябрдан тарта Төлөмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды.Ал 1983-жылы Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун экономика факультетин аяктаган. Ошондон бери «Кыргызфильм» киностудиясында ар кандай кызматтарда эмгектенген жана 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле киностудиянын директордун орун басары кызматын аркалап келген.
Токобаева бир катар Улуттук жана Эл аралык долбоорлордо продюсерлик кылып, «Кыргыз киносунун отличниги», «Маданиятынын мыкты кызматкери» жана бир топ ведомстволук грамота жана дипломдор менен сыйланган.