Маданият

«Баары чын жүрөктөн болчу» Биржан Байболдун продюсери Нурайым тууралуу үн катты

Кечээ, 25-сентябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда ырчы Нурайым Акылбекова жеке концертин берди.

Социалдык тармактын колдонуучулары концерт учурунда чогуу ырдап жүргөн Биржан Байболду ак элечек кийген апа менен кошо киргизбей койгонун жазышып, видео менен бөлүшүштү.

Нурайым Акылбекованын өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек. Ал эми анын социалдык тармактагы баракчасында менеджери катары көрсөтүлгөн адам комментарий бербей турганын айтты.

Ал эми Биржан Байболдун продюсери Канат Култаев социалдык тармактагы баракчасына баары чын жүрөктөн болгонун жазды. «Баарына күбөмүн, жаман ой жок, баары чын жүрөктөн болчу»,- деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button