Коом
Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Буйрукту Экономика министрлиги чыгарды.
Мындай чара социалдык маанилүү азыктын баасын кармап туруу үчүн көрүлдү. Мамлекетик көзөмөл киргизүү сунушун Монополияны жөнгө салуу кызматы сунуштады.
Буга чейин өлкөдө ун менен нан кымбаттаган. Буга байланыштуу өкмөт унду тышка чыгарууга убактылуу тыюу салып, Мамлекеттик резервден буудай камдап койду.



