Коом

Баткенде аткезчилик жолу менен спирт ташыган Лейлек районунун жараны кармалды

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлеринин ыкчам маалыматтарынын негизинде аткезчилик жолу менен мыйзамсыз спирт ташыган жаран аныкталып кармалды. Лейлек районунун тургуну 27 жаштагы С.К. жеңил акча табуу максатында, эч кандай документи жок мыйзамсыз спиртти Тажикстандан алып келип, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөрүп, Баткен шаарынын аймагында өзүнүн автоунаасында 1 тонна 150 литр спирт жүктөп бара жаткан жеринен кармалды.


Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Экспертизанын корутундусунда 95% этил спирти экендиги аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button