Коом
Министрлик: Алмаз Бакетаевдин атын жамынган жалган маалыматтарга ишенбегиле

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаевдин атын жамынып, каржылык же саясий пайда алуу максатында жалган маалыматтар таратылууда.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги расмий билдирет. Белгисиз сайттардан тараган маалымат чындыкка дал келбейт!
Урматтуу кыргызстандыктар, ар кайсы белгисиз сайттардан тараган жалган маалыматтарга алданып калбаңыздар, -деп билдирди Финансы министрлигинин Басма сөз кызматынан.



