Коом
Кыргызстандык куткаруучулар казак боордошторго жардам берүүгө кетти

Кечээ катуу жааган кардан күрткү пайда болуп, Алматы — Бишкек жолу жабылган. Алдын ала маалымат боюнча Алга жана Кордай айылдарынын ортосунда 150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган.
Ара жолдо калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында ӨКМ 39 куткаруучуну техникасы менен жөнөттү. Алар бүгүн саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти.



