Коом
Жалал-Абадда 22 жаштагы жигит дайынсыз болууда

Кара-Көл шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Салымбаев Ырыскелди Медербекович 2024-жылдын 18-май күнү Кара-Көл шаарынын Акынай көчөсүнүн №2 үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Салымбаев Ырыскелди Медербековичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 см, кашы, көзү, чачы кара, кара-тору жүздүү, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү кроссовки болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Салымбаев Ырыскелди Медербекович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 102, (03746) 5-12-00, 0708 39 01 39.



