Коом
5-июлга карата аба-ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.
Абанын температурасы Чүйдө 26…31, Таласта 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 30…35, Ысык-Көлдө 21…26, Нарын жергесинде 22…27 градуска жетет.
Күндүн табы Бишкекте 28…30 градус болсо, Ош шаарында 32…34 градуска чыгышы күтүлүүдө.



