Коом
“Балага сүйүнчү” төлөмдү санарип сом менен берүү сунушталууда

Улуттук банк тиешелүү долбоорду иштеп чыкты, азыр техникалык адистер менен аны ишке ашыруу талкууланууда.
Санарип сом Кыргызстанда 2027-жылы жүргүртүүгө чыгары күтүлүүдө. Бул улуттук валютанын кошумча түрү, анын өзүнчө санарип коду болот, атайын санарип капчыкта сакталат. Санарип сом акчанын накталай жана накталай эмес түрлөрүн айкалыштырат.
Учурда мамлекет бөбөк төрөлгөндө 4 миң сомдук бир жолку төлөнүүчү сүйүнчү акча берет. Ал эми бир мезгилде бир үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлсө ар бир балага 50 миң сомдон ыйгарат.



