Президент Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна чыккандарды этият болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна таш түшкөн окуя боюнча билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы аталган жол элдин суранычы боюнча 1-июнда убактылуу ачылганын, бирок учурунда сапатсыз жана кымбат салынганын эске салды.
“Бул жолго убагында дээрлик 1 миллиард доллар сарпташкан. Жалпы болгону 388 чакырым. Бир чакырым жолдун баасы 2,29 миллион доллардан айланган. Жол эки тилкелүү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылдан кийин эки тилкелүү жолдор эмес, төрт тилкелүү жолдор 1,3 – 1,5 миллион долларга салынууда. Ири суммадагы каражат сарпталганына карабай, жумуштар толук кандуу бүтпөй калган”, — деди өлкө башчы.
Жапаров элди Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна чыккандарды өтө этият болууга, айрыкча жаан-чачынга сапарга чыкпоого чакырды.
Ал ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлиги курулуш иштерин улантып жатканын кошумчалап, жол толук кандуу 2028-жылдын башында пайдаланууга берилерин айтты.



