Саясат
Зеленский Путинге ачык кат жолдоп жолугушууну сунуштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путинге ачык кат жолдоп, фронттун бардык тилкесинде ок атышууну токтотууну жана бейтарап өлкөдө жеке жолугушууну өткөрүүнү сунуштады.
Зеленский Украина дипломатиялык процессти баштоо үчүн согуштук аракеттерди толук токтотууга даяр экенин билдирип, туткундарды «баарын баарына» формуласы боюнча алмашууну жана чыгарылып кеткен жарандар менен балдарды кайтарууну сунуштады.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига кат дипломатиялык каналдар аркылуу расмий түрдө Москвага жөнөтүлөрүн айтып, Киев Россиядан жооп күтүп жатканын билдирди.



