Окуялар
Германиянын көлүнөн 24 жаштагы Кыргызстандык жарандын сөөгү табылды

Германияда 24 жаштагы Кыргызстандын жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-июнда Германиянын укук коргоо органдары 2002-жылы туулган кыздын сөөгүн Боден көлүнөн табышкан.
Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги окуянын бардык жагдайларын тактап жатат жана маркумдун жакындары менен байланышта. Ошондой эле сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн керектүү документтер даярдалууда.
Өлүмдүн себеби жана башка жагдайлары тууралуу азырынча кошумча маалымат берилген жок.



