Коом

Жыл башынан бери чет өлкөдөн 174 кыргызстандыктын сөөгү мекенге жеткирилди

2026-жылдын январь–май айларында чет өлкөлөрдө каза болгон Кыргызстандын 174 жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, маркумдардын сөөгүн алып келүүгө мамлекеттик бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөн.

«Жүк-200» үчүн жыл сайын бюджеттен 60 миллион сом каралат. Бул каражат негизинен жетиштүү. 2025-жылы чет өлкөлөрдө 472 кыргызстандык каза болуп, алардын сөөгүн жеткирүүгө 56 миллион сом жумшалган», — деди ал.

Ошондой эле акыркы жылдары кыргызстандыктардын арасында медициналык туризмге кызыгуу өсүп жатканын белгиледи.

«Жарандарыбыз ден соолугун чыңдоо максатында көбүнчө Түркияга жана Индияга барышат. Тилекке каршы, ошол өлкөлөрдө каза болгондордун саны да көбөйүүдө. Жыл сайын орто эсеп менен 20–25 кыргызстандык ушул эки мамлекетте көз жумат», — деп кошумчалады борбор жетекчиси.

Тектеш кабарлар

Back to top button