Коом

Кытайлык компания Кыргызстанда мунай-газ тармагындагы ишканаларды курууга кызыкдар

Кыргызстанда кытайлык ири корпорация мунай-газ тармагындагы ишканаларды курушу мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында мунай-газ компаниясы — Sinopec корпорациясынын жетекчиси менен жолукту.

Өкмөттүн маалымат кызматы анда аталган тармакта биргелешкен өндүрүш жана кайра иштетүүчү компанияларды куруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергиянын булактары боюнча долбоорлор каралганын билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Акунбеков андан башка бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушууда Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди, анын ичинде карбамид жана азоттук жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу долбоору сунушталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button