Алгачкы жыйынтык канааттандырарлык. Ысык-Көлдүн суусу туристтик сезондо үч жолу текшерилет

Туристтик сезон маалында Ысык-Көлдүн суусунан химиялык изилдөө үчүн үлгүлөр үч жолу алынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун анализи туристтик сезон башталганга чейин, июлдун аягында жана сезон аяктагандан кийин сентябрь айында жүргүзүлөт.2026-жылы Ысык-Көлдүн пляждарынын жээк тилкесинен жана көлгө куя турган дарыялардын куймаларынан суунун үлгүлөрү 1–3-июнда алынган.
Химиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ысык-Көлдүн суусу белгиленген көрсөткүчтөр боюнча санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берери аныкталган.
Сыноонун протоколдору Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жана Ысык-Көл аймактык башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргызстан болжол менен 12 миллион туристти кабыл алууну пландап жатат. Туристтер эң көп барган аймактардын бири катары Ысык-Көл облусу кала берүүдө.



