Коом

УКМК: Россияда «Instagram» аркылуу бийликти күч менен басып алууга чакырган билдирүүлөрдү жарыялаган Кыргызстан жараны кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР УКМК тарабынан Россия Федерациясынын Сахалин облусундагы Түштүк-Сахалинск шаарында Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Ал массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды жасаган деп шектелүүдө.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандык») боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, «Instagram» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу, 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны З.у.К. мамлекеттик/мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Тактап айтканда, З.у.К. өлкөдөн тышкары жүрүп, массалык башаламандыктарды уюштурууга жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга же басып алууга чакырган билдирүүлөрдү камтыган, бир тараптуу жана чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды системалуу түрдө жарыялап турган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында З.у.К. Россия Федерациясынын аймагында кармалып, Кыргыз Республикасына жеткирилди.

Өзүнүн жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, З.у.К. купуялуулук жөндөөлөрүн колдонуп, ойдон чыгарылган жеке маалыматтарды пайдаланган.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.

КР УКМК эскертет: социалдык тармактарда жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратуу мыйзамда каралган кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Мекеме жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана такталбаган маалыматтарды жарыялоодон алыс болууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button