Коом

Эскертүү! Бишкек жана Чүй облусунда шамал болот

Синоптиктер Бишкек шаары жана Чүй облусу үчүн штормдук эскертүү беришти.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде жана 29-июнь күнү бою борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: бак-дарактарга, жарнама такталарына жана электр берүү линияларына жакын барбоо, ошондой эле жол кыймылында этият болуу керек.

Айдоочуларга ылдамдыкты азайтып, аралыкты сактоо жана аба ырайынын начарлашын эске алуу менен сапарларын алдын ала пландоо сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button