Коом
Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

Жайкы туристтик мезгилге карата калктын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл районундагы коомдук тамактануучу жайларда мониторинг жүргүзүлүүдө.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынан билдиришкендей, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен биргеликте 22 коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынды.
Анда ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары каралды.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында 6 коомдук тамактануучу жайда тиешелүү коштомо документтердин толук эместиги аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча ишкана жетекчилерине эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.



