Коом

Бишкекте «Сүйүү дарагы» аттуу жаңы долбоор ишке кирди

Бишкек мэриясы жаңы үйлөнгөн жубайларга арналган «Сүйүү дарагы» аттуу жаңы долбоорду ишке киргизди. Анын алкагында жаш түгөйлөр үй-бүлө курган күнүнө карата бак отургуза алышат.

Катышуу үчүн мэриянын расмий сайтындагы «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу» бөлүмүнө кеминде эки жума мурда арыз калтыруу керек.

Жубайлар өздөрү бак отургуза турган күндү, убакытты жана жерди тандап, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүшөт. Ошондой эле бак отургузууга белек сертификатын да сатып алууга болот.

Долбоордун алкагында 0(880) 00-51-23 номери аркылуу биринчи болуп кайрылган беш түгөйгө көчөттөр акысыз берилет.Катышуунун баасы 10-апрелден 25-октябрга чейин жабык тамырлуу көчөттөр үчүн 15 миң 500 сомду түзөт. Ал эми 10-марттан 10-апрелге чейин жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин ачык тамырлуу көчөттөрдү отургузуунун баасы 7 миң 800 сом болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button