Маданият

Анжелика: Мен азыр башка Анжеликамын! Ийгиликсиз адамдар гана мени сындашат

Ырчы Анжелика ийгилик тууралуу жеке пикирин жазып, азыркы ден соолугуна байланыштуу пикирин да билдирди.

“Бриллиант шакегине, үйүнө, унаасына мактанган жашоо болуп калыптыр” деп асмандан түшкөнсүп кээ бирлер сөз кылышат. Түздөн-түз көрө албастык. Ийгиликке өз күчү менен жеткендер антип айтпайт! Жетпей туруп, сасык дегендер ошондой болот. Шылтоо айтып, “бай күйөө тааптыр” деп.

Ар кимдин табити, жашоосу ар башка! Кээ бирлер жакшы жашоого умтулуп, кыялданып, ден-соолугуна карабай талпынып, жалкоолуктан арылса, кээ бирлер “космоско учсам” дейт. Анын эмнеси бар?

Буйруса, абдан белгилүү болуп, оорусаңар дагы жылмайып иштеп, тобоколдикке барып, өзүңөргө күч берип, тытынып иштесеңер – баарын сатып деле аласыңар! Жашоо силердики болот. Бир нерсени түшүнбөй, же бирөөдөн көз каранды болсоңор- ӨСКҮЛӨ! Жаман эле сүйлөп, шылтоо айтып бир орунда турбагыла! Акыл сынгандардын теориясына эмес, басып өткөн жолун карап, практикасына басым жасай байкалы. Мага азыр АШЫН берсе ийилип алып, ТАШЫН ыргытса, андан жол курчу болдум. Кудайым мага пандемияда элиме болгон сүйүүмдү – өзүм үчүн гана текшерип алууга мүмкүнчүлүк берди. Миллиондогон акчаларга кесипкөйлөр – байлардын үйүндө кызмат кылып, алардын гана үй-бүлөсүн даарылап, карапайым элди ыктыярчыларга калтырган. Анда бул акылдуулар кайда эле? Эгемдүүлүктү билбегенден акыл сурап калдынарбы деген имиш. Билип туруп керек болсо балдарыңдын атын алмаштырып айтып аласың кээде. Андай хайптар үчүн кечирим сурашып бүткөнбүз. Мынча чапташып эле калышты билбейм. Башкаларды дагы сүйүндүрүп талкуулап турсаңар. Күнөөлөрүн азайтып.

Мен эми башка Анжеликамын.
Үйрөнгөнүм өзүм үчүн, кылганым сиздер үчүн!!!
Чалынсам, үйрөнөм!!! Күндө аракеттенем! Айтам, жазам. Өзүмө-өзүм колдоо көрсөтүп, катталуучуларымдын оюн түздөйм. Аман болсом. Себеби, акылсынгандар кооз гана сүйлөшөт. Өздөрүнүн башындагы чөпту карап коюшса. Мен ооз аччу болсом майдаланып, анда сынасыңар!
Оттобой, ойлонгула биринчи.

Азыр 39,8 ден үч күндөн бери дене табым түшпөй жатат. Бөйрөктө өзгөрүүлөр бар. Тынымсыз жөтөл, баш, жүрөк ооруу… сыноо.
Саат 02:22, тамчылатма алып, катуу тердеп, бир аз дем алуу жакшы болуп калды.»- деп жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button