Президент:”Акылбек Жапаров кызматтан кетпейт”

Мамлекет башчысы социалдык тармактарда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун дарегине жазылган терс билдирүүлөргө комментарий берди.
«Ооба, чынында эле эл арасында Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши тууралуу сөз болуп жатат. Албетте, салыкты көтөргөн адамды ким жакшы көрөт. Ал эми Акылбек Жапаровду сындагандардын арасында анын ордун өзү ээлейм дегендер бар. Бул адамдар блоггерлерге жана социалдык тармактардын колдонуучуларына министрлер кабинетинин башчысы жөнүндө жаман жазууга буйрук беришет. Мен бул адамдарды билем, мурда кандай иштегенин билем. Негизгиси Акылбек Жапаров таза иштесин, кетпейт. Ансыз 30 жылда 35 министрлер кабинетинин башчысы алмашты. Азыр мамлекеттик башкаруу системасы мурдагыдай эмес. Албетте, мен мамлекет башчысы катары анын ар бир кадамын ээрчип келем. Эгерде ал туура эмес иш кылса, «бул жерде туура эмес, токтот» деп, туура жолду көрсөтөм», — деди Садыр Жапаров.



