Коронавирус. 58 адамдан аныкталып, Бишкекте эки бейтап каза тапты

Өткөн суткада коронавирус 58 адамдан табылып, 111 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 23;
Ош – 1;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 3.
Ушуну менен вирус жуктургандардын саны 85 171ге жетти.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус Бишкектен эки адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан акка моюн сунгандардын саны 1 433 болду.

Учурда коронавирус жуктурган 434 бейтап ооруканада дарыланып жатышат. Анын ичинен 114 кишинин абалы оор болсо, 31 бейтаптыкы өтө оор деп бааланды.