Транспорт министрлиги Баткенге ар тараптан жардам көрсөтүүдө

Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги  Баткен облусунда болуп ѳткѳн кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын башталышынан бери аба каттамдар аркылуу ар тараптан жана ыкчам кѳмѳк кѳргѳзүүдѳ. 

2021-жылдын 29-апрелинен 3-майга чейин  атайын 6 рейс Баткенге учкан.   Бортто аскер адамдары, дарыгерлер, журналисттер, республикалык штабдын жана ѳкмѳт мүчѳлѳрү ташылууда. Жалпы ташылган жүргүнчүлѳрдүн саны 637.

Ошондой эле министрлик чек арада жабыр тарткандарга кѳмѳк кѳрсөтүү боюнча кызматкерлердин бир күндүк айлык акысын которуп, министрликтин борбордук аппараты жана түзүмдүк мекемелер менен жардам кѳрсѳтүлдү.