Без рубрикиОкуялар

Кадамжайда чала таанышын 5 миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Кадамжайда ири суммадагы алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Баткен обустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү чала таанышынын беш автоунаасын сатып берүүнү убадалап алып кеткен. Ошондой эле андан 3 миллион 510 миң сом карызга алып, ошол бойдон жок болгон.

Жабырлануучу милицияга арыз жазып, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголгон. Тергөөдө жалпысынан 5 миллион 295 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button