Конгодо Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 800дөн ашты

Конго Демократиялык Республикасында Эбола ысытмасы менен ооругандарды кармоочу борборлор толуп калды. Өлкөдөгү ооругандардын саны 808 адамга жетти. Өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо институту 192 адам каза болгонун билдирди. Коңшу Угандада дагы 19 адамдан Эбола вирусу аныкталды.
Bloomberg агенттиги «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун адистерине шилтеме берүү менен оорунун чыныгы масштабы расмий маалыматтардан алда канча чоң болушу мүмкүн экенин жазды. Себеби көптөгөн жарандар медициналык жардамга кайрылбай жатышат жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо мүмкүн болбой калууда. Айрым бейтаптар болсо оорунун өтө оор стадиясында гана дарыгерлерге кайрылышат.
Конгодогу кырдаал Африка жана башка өлкөлөрдүн лидерлерин тынчсыздандырууда.
16-июнда, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору катышкан онлайн саммит өтөт. Анын максаты — илдетке каршы күрөш үчүн каржылык колдоо табуу жана оорунун жайылышын алдын алуу боюнча аракеттерди координациялоо.
Уюштуруучулардын баамында, Эболага каршы күрөшүүгө 518 миллион доллар талап кылынат.
Конго бийлиги Эбола вирусунун жайылышы тууралуу расмий түрдө 2026-жылдын 15-майында жарыялаган. Бирок оору бир нече жума бою байкалбай келгенин моюнга алышкан. Ооругандардын болжол менен 90 пайызы өлкөнүн куралдуу жаңжал жүрүп жаткан Итури провинциясында жашайт. Бул аймакта гуманитардык жардам көрсөтүү кыйындап жатат.


