Коом

УКМК келишимдик негизде экспертизаларды жана тергөөлөрдү жүргүзө алат — мыйзамга кол коюлду

Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «КРнын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам УКМКга соттук-медициналык, криминалистикалык жана башка тергөө түрлөрүн, анын ичинде келишимдик негизде жүргүзүүгө ыйгарым укук берет, алар үчүн аткаруу жана акы төлөө КРнын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button