Ош шаарында унаамектептин кызматкери опузалап талап кылуу боюнча кармалды

Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылган. Анда арыздануучу 2024-жылдын 5-август күнү Ош шаарында жайгашкан унаамектебинде мугалим болуп иштеген “Д” аттуу аял «айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып беремин»- деп, ал үчүн 50.000 сом акчаны пара катарында талап кылып жаткандыгын билдирип, жогорудагы атуулга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

2024-жылдын 12-августунда аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иш козголгон.
Андан соң ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Төртүнчү Башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн кызматкерлерине тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында, 13-август күнү болжол менен саат 10:00 чамасында арыздануучу жарандан унаамектептин мугалими Д.С. унаа мектептин алдында 40.000 сом акчаны алганда кармалды. Ал акчалар далил буюм катарында алынды.
Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.



