Коом

Транспорт министрлиги жумушка чакырат. Вакансиялар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бош кызмат орундары үчүн борбордук аппараттын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялады.

Ага ылайык, министрлик төмөнкү иш орундарына кызматкерлерди кабыл алат:

Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн улук инспектору (иштеген жери Ош жана Жалал-Абад облустары);

Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө секторунун башчысы;

Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (мамлекеттик тил боюнча);

Маалыматтык саясат секторунун башкы адиси;

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн адиси.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

жеке арыз;

кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

сүрөтү менен резюме;

автобиография;

акыркы иштеген жерин тастыктаган документтер;

окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 2023-жылдын 3-майынан 19-майына чейин Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматты (0312) 31 41 08 телефону же www.mtd.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button