Коом
Оштогу кылмыштуу жаңжалда арматура менен сабалган эмес, бычактан жаракат алган экинчи адам каза болгон

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу жаңжалда арматура менен сабалган эмес, бычактан жаракат алган экинчи адам каза болгондугун окуянын жагдайын тактап жатып билдирди.
Маркум кечээ социалдык тармактарда тараган ур-токмокту көрсөткөн видеодо жок. Милиция видеодогу сабалган адам тирүү, бирок абалы оор экенин билдирди.
Буга чейин кримавторитет Кадырбек Досонов (“Женго”) кармалганы маалымдалган, дагы үчөө табыла элек.



