Окуялар
Караколдо жол кырсыгынан бир аял каза болду

Каракол шаарында дем алыш күнү жол кырсыгынан бир аял каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-май түнү саат 21:40 чамасында Карасаев жана Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде «Мазда-Трибут» жана «Фольксваген-Пассат» автунаалары сүзүшкөн. Натыйжасында 1 жаран (аял киши) каза болуп, 5 жаран облустук ооруканага кайрылышкан.
«Бул жол кырсыгы Каракол ШИИБдин мааламат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.



