Актилек Капаров медициналык кароодон өтүүдөн баш тартканы айтылды

Бишкектеги Тергөө абагында жаткан Актилек Капаров медициналык кароодон өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.
Мекеме журналисттин кан тамырын кескилегенин тастыктабайт.
«Айыпталуучу 28-майда сот залына кирээрде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле, мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз доосу жок экенин ооз эки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана денесин медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартты», — дейт Жаза аткаруу кызматы.
Мекеме прокурордун көрсөтмөсү менен материалдарды аймактар боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, бүгүн Актилек Капаровдун жактоочусуна жөнөткөн каты жарыяланган. Анда ал эч бир күнөөсүз абакта олтурганын, ага каршы колун кескенин айткан.



