Коом

Венада Адылбек Бийбосунов менен Россиянын ички иштер министринин орун басарынын жолукту

Баңги каражаттар боюнча комиссиянын 66-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов менен Россия Федерациясынын ички иштер министринин орун басары Андрей Храпов менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде тажрыйба жана маалымат алмашуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар трансулуттук баңги топторунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча биргелешкен иштин натыйжаларына оң баа беришти.
Ошондой эле, 2020-2022-жылдары ийгиликтүү ишке ашырылган Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына көмөк көрсөтүү программасынын жыйынтыктары жана 2023-2025-жылдарга жаңы программанын долбоорун макулдашуу стадиясы тууралуу маселе талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button