Коом

Блогер, маскара болгонду токтоткула! Нурланбек Тургунбек уулу акимдер менен мэрлерге кайрылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бардык райондордун акимдерин жана мэрлерин жасаган ишин пиар кылып, ар бир кадамын видеого тарттырууну токтотууга чакырды.

«Акыркы күндөрү бардык мэрлер, райондун акимдери, облус башчылары баскан-турганын, эмне кылганын видеого тартып башташты. Блогерлерди жалдап, таштарды алып, таштандыларды кантип тазалап жаткан ар бир кадамын видеого тартып жатканын көргөзүп жатышат. Маскара болбогула.

Оштун мэрин баары туурап жатышат. Бул анын стили, өзүнө жарашат, бирок башкалар аны туурагандын кереги жок. Шаарды тазалоо,иретке келтирүү алардын жумушу жана милдети. Унчукпай өз ишин аткарсын, муну эл баалайт. Баары эле блогер болуп, өз ишин пиар кылуунун кереги жок», — деди төрага.

Тектеш кабарлар

Back to top button