Коом

Баткенде милиция кызматкерлери жарандарга Тажикстанга кирип кеткен малдарын кайтарып берди

Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну 37 жаштагы Мовлянхандын 2 баш ийри мүйүздүү малы жана Анипанын 1 баш ийри мүйүздүү малы Паскы-Арык айылында чек ара тилкесинде оттоп жүрүп, Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылына 2023-жылдын 7-октябрь күнү кирип кеткен.


Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 12-октябрь күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 2 баш бодо мал кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.


Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button