Тоң районунун милиция кызматкерлери такси айдоочуларын жол эрежесин бузбоого чакырды -ФОТО

Жайкы туристтик сезондун башталышына байланыштуу жана таксист айдоочулар арасында жол кырсыктарын алдын алуу максатында, Тоң районунун ички иштер бөлүмү боюнча ЖКККБнын инспекторлору жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишканаларда рейддерди өткөрүүдө. Рейд жол кырсыктарын алдын алууга жана жол эрежелерин кыйшаюсуз сактоого багытталды.
Бул жолу, жол коопсуздугунун инспекторлору Бөкөнбаев айылынын аймагында жайгашкан «Аргымак» жана «Шумкар» такси кызматтарынын ишин текшеришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 5 айдоочуда техникалык кароодон өткөндүгү боюнча белгилери жок болуп чыкты. Аларга карата, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери такси айдоочуларына жайкы туристтик мезгилде автоунаалардын агымы бир нече эсе өсөрүн жана жол эрежесинин талаптарын сактоо милдеттери тууралуу эскертип кетишти. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун кантип камсыз кылуу жана жүргүнчүлөрдүн ашыкча санын автоунааларга отургузууга жол берилбешин түшүндүрүштү.
Ошондой эле, агартуу иштери пассивдүү коргоо каражаттарын жана коопсуздук курун туура колдонуу зарылдыгына да багытталды. Милиция кызматкерлери айдоочулардын өзгөчө көӊүлдөрүн балдарды унаада ташуу эрежелерине бурушту, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.





