Коом

Бишкекте Ленин округу боюнча өтө турган шайлоого канча миллион кетери айтылды

БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди кайра шайлоого канча акча сарпталарын эсептеди. 

Бекитилген сметага ылайык, үгүт иштерине 13,2 миллион сом жумшалат. Башкармалыктын чыгашалары да каралган – шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды кошкондо 8 миллион сомго жакын сарпталат. Чыгымдарга техникалык колдоого тартылган адистеринин акысы да кирет.

Белгилей кетсек, Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button