“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору бекитилди
2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору (мындан ары — Долбоор) бекитилди.
Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат борборунан билдиришти
Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 11-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 2 262 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 937,2 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:
— “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 91,8 млн. сом суммасында 273 субъектти түзөт;
— “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 845,4 млн. сом суммасында 1 989 субъектти түзөт.




