Коом
Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын башчылыгынан кетти

Кечээ Көк бөрү федерациясында кезексиз жыйын өтүп, анда Көчмөндөр оюну боюнча Астанага барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген адис Рамис Кудайбергенов маалымат берген. Ал Зулушевге Көк бөрү федерациясында Көчмөндөр оюнуна даярдык кечеңдеп жатканын, тез арада кошумча адистерди тартуу керектигин билдирген.
“Зулушев сунушту туура таап, Көк бөрү федерациясынын жетекчилигине жаш, күч-кубаттуу жетекчи керектигине ынанып, кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алган”, — деп айтылат маалыматта.
Зулушев ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин көрсөткөн.



