Коом

УКМКнын сунушу боюнча президент чара көрөбү?

Белгилей кетсек, Cузак районунун Ырыс айыл аймагындагы Жар-Кыштак айылында, ошондой эле Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда  бейбаштык, уруп-сабоо, талап-тоноо  боюнча кылмыштуу окуялар орун алды. Аны өлкөбүздүн жалпы эли, коомчулугу көрдү. Ал окуяларда милиция, прокуратура органдарынын аракетсиздиктери айтылып, жазылды. УКМК аталган окуялар боюнча өз териштирүүлөрүн жүргүзүп, андагы укук коргоо органдарынын катачылыктарын, шалаакылыктарын, өз милдеттерин аткарбагандыктарын аныктаганы маалым болду. Ушул окуядан улам УКМК жалпы укук  коргоо органдарына  кайрылуу жасап, жарандардын арыздарына  реакция жасап, мыйзам чегинде тийешелүү иштерди жасоолору керектигин эскертти.   

УКМКнын кайрылуусуна Башкы прокуратура  жообун берди. Алар өз жообунда УКМКнын кайрылуусу чындыкка дал келбестигин, субьективдүү мүнөзгө ээ экенин айтып, маалымат кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө прокуратура органдарынын реалдуу ишин чагылдырбай турганын билдирди. Бирок ошол эле мезгилде Сузак, Кочкор райондорунда орун алган кылмыштарды, андагы прокуратура системасынын аракетсиздигин, мыйзам чегинде иштерди жүргүзбөгөндүктөрү факт. Райондук, облустук прокуратура өз учурунда иштерди алып барса, бул иштер  УКМКга чейин жетпейт эле. Прокуратура системасынын жетекчилери УКМКнын кайрылуусуна каяша кайтарып, өздөрүн актагандын, жактагандын  ордуна мыйзамдуулукту камсыз кылышса, мындай абал жаралмак эмес. 

Бизге жеткен маалыматтарга ишенсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев   прокуратура тарабынан жарандардын укуктары бузулганын маалымдап, УКМК тарабынан  өлкө президентине сунуш киргизгени маалым болду. Эми Президент бул боюнча өз чечимин кабыл алышы керек. Президенттин чечимине ылайык, күнөөлүүлөргө,  өз иштерин  аткарбаган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тийешелүү  чаралар көрүлөбү? 

Маалымат үчүн прокуратура органдарынын аракетсиздиктерине, өз милдеттерин аткарбай жаткандыктарына бир мисалды  айтып кетсек болот. Алсак, Cузак районунун Ырыс айыл аймагындагы Жар-Кыштак айылында  ушул жылдын  10-декабрында  чуулгандуу окуя орун алды. Анда  аталган айылга башка жактан бир топ  балдар барышып, айылдын балдарын катуу ур-токмокко алышып, сабашып,  бычактап кетишкен. Бирок бул окуя боюнча жергиликтүү  тургундар чара көрүүнү суранышып  кайрылышканына карабай, райондук, облустук прокуратура эч кандай чараларды көрүшкөн эмес. Айласы кеткен жабырлануучулар мыйзамдуулук издеп, УКМКга кайрылууга аргасыз болушкан. Бул милициянын, прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытында иш кылбай жаткандыктарынын бир көрүнүшү гана. Ал эми өлкө боюнча мындай көрүнүштөр ондоп, жүздөп саналары талашсыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button