Коом

Пенсияны мөөнөтүнөн мурда кимдер ала алат?

Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тизмеге төмөндөгү оорулар кирет:

  1. Залалдуу шишиктер (бардык түрлөрү) II, III, IV стадиялары – Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясынын 2-клиникалык тобу боюнча.
  2. Кан оорулары:
  • курч лейкоз (бардык түрлөрү);
  • апластикалык аз кандуулук;
  • гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын оорулары:

  • жүрөк кемтиги (тубаса же кабылдаган);
  • жүрөк ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
  • жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу (ангиопластика, коронардык шунтирлөө, өнөкөт аневризма жана жүрөк жетишсиздиги);
  • артерия оорулары, операция талап кылган магистралдык кан-тамыр бузулуусу;
  • облитерацияланган эндартериттин оор түрлөрү. 

4. Боордун өнөкөт жетишсиздиги жана циррозу:

  • В жана С гепатиттери (4-5 стадиялары);
  • Орган трансплантациясын талап кылган же трансплантация жасаткан бейтаптар.

5. Бөйрөк жетишсиздиги (5-стадиясы) – гемодиализ талап кылган түрү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button