Окуялар

Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 11 жаштагы бала изделүүдө

Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 11 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Алардын маалыматында, 24-май күнү Терс айылында 2010-жылы туулган бала жайлоого мал айдап бара жатып, дарыяга түшүп кеткен.

«Ал көпүрөдөн өтүп бара жатып, аты менен сууга кулап түшкөн. Ат табылды, а бала беш күндөн бери издөөдө», — дейт ӨКМ.

Аны издөөгө 20 куткаруучу, 51 жергиликтүү тургун тартылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button