Эки тил билүү мээ үчүн пайдалуубу

Эки тил билүү мээ үчүн пайдалуу деген пикир чындыкка жарым-жартылай гана туура келет. Бул тууралуу невролог Александр Ткачев RT басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, илим азырынча «экинчи тилди үйрөнсөң, деменция болбойт» деген жөнөкөйлөштүрүлгөн пикирди тастыктай элек.Ткачевдин айтымында, өмүр бою эки тилди үзгүлтүксүз колдонгон адамдарда когнитивдик резерв көбүрөөк калыптанышы мүмкүн. Бул — мээнин жаш куракка байланыштуу жана патологиялык өзгөрүүлөргө узагыраак туруштук берип, кошумча нейрондук байланыштарды колдонуу жана жүктөмдү ийкемдүү бөлүштүрүү жөндөмү.
Адистин түшүндүрүүсүндө, тилдердин ортосунда дайыма которулуп сүйлөө көңүл бурууну, көзөмөлдү жана керектүү сөздөрдү тандоону талап кылат. Бул мээ үчүн күн сайын аткарылган татаал машыгуу болуп саналат.
Бирок бул мээни оорулардан толук коргобойт жана патологиялык өзгөрүүлөрдүн топтолушун токтотпойт. Ошол эле учурда изилдөөлөрдө эки тил билген адамдарда деменциянын белгилери кечирээк байкалышы мүмкүн экени аныкталган.
Дарыгердин айтымында, деменциянын алдын алууда тил үйрөнүү менен гана чектелбөө керек. Кан басымын, холестеринди жана кант диабетин көзөмөлдөө, дене тарбия менен машыгуу, угуу жана көрүүнүн начарлашын оңдоо, тамекиден баш тартуу, жетиштүү уктоо жана коомдук байланыштарды сактоо деменциянын коркунучун азайтууга кыйла күчтүү таасир берет.



