Кызыктар
Өзбекстандын Анжиян шаарында беш эм төрөлдү

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 6-июлда Анжиян шаарында бир аял беш эмди жарык дүйнөгө алып келди.
«Кайрагачтош» махалласынын тургуну Наргиза Бекжонова көп түйүлдүктүү кош бойлуулук диагнозу менен медициналык мекемеге жаткырылган.
Төрөттүн жыйынтыгында үч кыз жана эки уул төрөлдү. Ымыркайлардын ар биринин салмагы 1205 граммдан 1605 граммга чейин болду.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда эненин да, беш эмдин да абалы канааттандырарлык деп бааланууда.



