Окумуштуулар кан агууну секунддун ичинде токтото алган жаңы порошокту иштеп чыгышты

Окумуштуулар жарааттан кан агууну болжол менен бир секунддун ичинде токтото алган жаңы порошокту иштеп чыгышты. Бул технология шашылыш медициналык жардам көрсөтүү тармагында маанилүү жаңылык болуп, жарааттын үстүндө дээрлик заматта коргоочу гель катмарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Изилдөөнүн жыйынтыгы эл аралык Advanced Functional Materials илимий журналында жарыяланды.
AGCL деп аталган порошок жараатка себилгенде кандын курамындагы кальций менен реакцияга кирип, заматта коргоочу гидрогель түзөт. Ал канды тез токтотуп, жарааттын айыгышын да тездетет.
Жаныбарларга жүргүзүлгөн сыноолордо жаңы каражат учурда колдонулуп жаткан TachoSil гемостатикалык материалынан жакшыраак жыйынтык көрсөткөн.
Азырынча порошок изилдөө баскычында. Аны медицинада колдонуу үчүн адамдарга кошумча клиникалык сыноолор жүргүзүлөт.



