Коом
Дайынсыз жоголгон 53 жаштагы Батма Мурзалиевага издөө салынды

2021-жылдын 24-май күнү 08.30 чамаларында Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну, психикалык жактан жабыркаган 1968-жылы туулган Мурзалиева Батма Назаркуловна Баткен районунун Самаркандек айылындагы өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак түстөгү жоолук.
Белгилери: бою 160-175 кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыктан келген чачы узун кара түстө.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү аялды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03622) 5-17-56; 0774 77-86-88; 0709 73-66-37
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



